Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Жума күндүн адептери

Жума күнү гусул кылуу (жуунуп тазалануу) керек, анткени Пайгамбарыбыз (ﷺ); "Эгерде кимиңер жумага келчү болсоңор, гусул кылгыла",- деп айткан. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)
Уламалар жума күнкү гусулдун ваажиб же мустахаб экендигине түрдүүчө пикирлерди билдирип бирок, көпчүлүгү анын мустахаб экендигин айтышкан.
"Кахф" сүрөсүн окуу да мустахаб, Пайгамбарыбыз (ﷺ); "Ким жума күнү "Кахф" сүрөсүн окуса, ал эки жума ортосунда ага нурдан да жарык болот",- деп айткан. (Имам Хааким риваяты)
Хутба окулган учурдагы ваажиб болчу амалдар:
Сүйлөбөстөн унчукпай туруу.
Хутбада айтылган насааттарды баамдоого кызыгуу жана ал насааттардан пайдаланып, аларга амал кылууга ниет кылуу.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (ﷺ); "Жума күнү имам хутба окуп жаткан учурда өз шеригиңе "жым олтур",- деп койсоң, анда ошол күнкү соопторуңду текке кетирген болосун",- деп айтты. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)