(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Макалалар

Оору үлүш (тагдыр), оорудан дарылануу чечим. Үйлөнүү үлүш (тагдыр), талак берүү (ажырашып кетүү) чечим. Жашооңдо жакшы адамдарга жолугууң үлүш (тагдыр), алар менен мамилени сактап калууң чечим. Үлүш (тагдыр) сенин колуңда болбосо да, берилген үлүштү сактап калуу сенин колуңда.

04 июля 2017 09:01

Муса пайгамбар (ага Аллахтын саламы болсун) Аллахка кайрылып: «Аллахым, бейиште мени менен бирге болуучу адамды көрсөтчү» — деп суранат. Алла Таала: «Азыр сенин жаныңдан ким өтсө, ошол адам сени менен бейиште бирге болот» — деп жооп берет.

04 июля 2017 08:52

Курандагы эң чоң сүрө: "Бакара" - сүрөсү.

Курандагы эң кичинекей сүрө: "Кавсар" - сүрөсү.

Куранда айтылган эң жакшы ичимдик: "Сүт".

Куранда айтылган эң жакшы тамак: "Бал".

Курандагы эң улуу аят: "Аят-Алкурсий".

03 июля 2017 16:07

Бирөөлөргө кечиримдүү болуп, алардын кетирген кемчилигине унчукпай калсаң, адамдар муну коркоктук деп түшүнүп калышты. Бул унчуга албай калды, демек коркуп жатат деп ойлошот. А чынында кечиримдүүлүк – бул пенденин Аллахка болгон ыйманынын далили.

03 июля 2017 16:00

Фудайл бин Ийааз айтат: "Мен сабырдуулукту кичинекей баладан үйрөндүм".

03 июля 2017 15:53

Төрөлгөн кезиңде апаңдын курсагынан сени ким чыгарганын билбейсиң. Ал эми өлгөнүңдө кабырга сени ким койоорун билбейсиң.

Сен төрөлгөндө сени жуунтуп тазалашкан. Өлгөнүңдө да жуунтуп тазалашат.

03 июля 2017 15:45

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Ким Рамазан айынын орозосун Аллага ыйман келтирип, сообун Алладан үмүт кылып кармаган болсо, анда ал адамдын мурдагы күнөөлөрү кечирилет".

03 июля 2017 15:39

2017-жылдын 25 – июнь, жекшемби күнү Орозо айт күнү болуп белгиленди. Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө:“Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла.

22 июня 2017 12:09

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:

" لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ" سورة القدر (٣).

"Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак", Кадр сүрөсү 3 чү аят.

21 июня 2017 13:13

Баардык мактоолор жалгыз Аллах Таалага гана тааныдык жана сүйүктүү пайгамбарыбыз алейхи саламга салаваттар болсун.

Аллах Таала инсандыр эки дүйнөдө бактылуу болсун үчүн Ислам динин берген. Ким дин ислам менен жашоосо бактылуу болот ким жашабаса анын бактысыз болушуна шек жок.

14 июня 2017 19:37

Страницы