Муфтият-FM

Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Абдишүкүр ажы Нарматов

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы  Нарматовдун өмүр таржымалы  

Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы 8-февралында Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн. 1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы ислам институтун, 1993-2000-жылдары Каирдеги Аль-Азхар эл аралык ислам университетинин «Ислам укугу» факултетин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы юридикалык факултетте магистратураны артыкчылык менен бүтүргөн. 2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору, 2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы, 2006-2016 жылдага чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болуп эмгектенген. 2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тайба мечитинде, 2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичирайондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет. Ошондой эле 2001-2006-жылдары коомдук телеканалдагы  “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө. “Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган аудио жана видео дисктердин автору.

Нарматов Абдишүкүр Исламович беш кыз, эки уулдун атасы.

“Китеп – жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды (Тизме)

Muftiyat.kg/ 19-апрель/ Кечээ, 18-апрель шаршемби күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстан Ислам Университети, “Дил азык” басма үйү жана “Адеп башаты” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Китеп - жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстан Ислам Университетинин араб тили кафедрасы студенттер арасында билим таймашын өткөрдү

Muftiyat.kg/ 18-апрель/ Кыргызстан Ислам Университетинин Араб тили кафедрасы 1-курстун студенттери арасында билим таймашын өткөрдү. Конкурска Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, араб тили кафедрасынын жетекчиси Керимбеков Алтынбек, араб тил мугалими Абдулла Криж жана КИУнун мугалимдери, студенттери катышышты. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады. 

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору менен Кыргызстан Ислам Университетинин ректору эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 27-март/ Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Кыргызстан Ислам Университетин зыярат кылып, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов менен жолугушту.

Москва шаарындагы Crocus City Hall залында Мавлид кечеси өтүп, ага белгилүү дин аалымдары катышты

Muftiyat.kg/ 12-март/ Москва шаарындагы 6 миң орундуу Crocus City Hall залында Мавлид кечеси өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана Казакстан Республикасынын белгилүү дин аалымы Абдугафар Сманов, Орусия Федерациясынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кеңешчиси Азамат Исмагам

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, бир катар маселелер каралды

Muftiyat.kg/ 27-январь/ 2018-жылдын 25-январында Кыргызстан Ислам университетинин чоң жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйын эртең мененки саат 9:00 дө башталып, кечки саат 18:00 чейин жандуу өттү.

Зордуктун аягы-кордук

Колу ийининен кесилген киши эртеден кечке көчө кыдырып: "Менин абалымды көргөн адам, эч качан эч кимге зулумдук кылбасын" - деп кыйкырып жүрөт. Ал бул адатты өзүнө көнүмүш кылып алгандай. Ага көңүл бурбай өтүп жаткан көпчүлүктүн арасынан бирөө токтоло калып, анын айтканына кызыкты: - “Эмне минтип жар салып жатасыз, айтканыңыздын себебин билсек болобу?”– деди ал сылык. 

Падышанын белегине ээ болгон адам

Бир үлкөн өлкөнү башкарган даанышман падыша бар эле. Бирде ал элинин адеп-ахлагын, жаштардын ой-пикирин текшерүү үчүн борбордук чоң көчөлөрдүн биринин так ортосуна көлөмү чоң ташты таштатып коёт. Анан өткөн-кеткендер жолду тосуп калган ташты көргөндө эмне кылаарын байкап туруусу үчүн бир адамды кароолчу кылып дайындайт. Арадан бир канча күндөр өтөт, жолдон көптөгөн адамдар ары-бери басып өтүшөт, бирок ташты жолдун жээгине жылдырып коюу алардын биринин да оюна келбейт. Тескерисинче, өткөндөрдүн баары: “Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер ушул ташты жолдун жээгине жылдыртып койбойт?

99 формуланын сыры

Бир күнү падыша вазиринен сурады:
— Менин кызматчымдын дайыма маанайы жарык, мага караганда бактылуу жашоо кечирет, анын колунда эч нерсе жок, а мен болсо падышамын, бирок жан дүйнөм жабыркап, көңүлүм тынчыбайт. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуң?
— “99 формуласы” менен аны сынап көрбөйсүзбү? – деди вазири, сырдуу жылмайып.
— “99 формуласы” дегениң эмне, табышмактатпай так айтпайсыңбы? – деп падыша, бир аз ачууланды.

Подписка на RSS - Абдишүкүр ажы Нарматов