(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Абдишүкүр Нарматов

Абдишүкүр ажы  Нарматовдун өмүр таржымалы  

Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы 8-февралында Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн. 1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы ислам институтун, 1993-2000-жылдары Каирдеги Аль-Азхар эл аралык ислам университетинин «Ислам укугу» факултетин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы юридикалык факултетте магистратураны артыкчылык менен бүтүргөн. 2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору, 2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы, 2006-2016 жылдага чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болуп эмгектенген. 2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тайба мечитинде, 2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичирайондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет. Ошондой эле 2001-2006-жылдары коомдук телеканалдагы  “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө. “Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган аудио жана видео дисктердин автору.

Нарматов Абдишүкүр Исламович беш кыз, эки уулдун атасы.

Зордуктун аягы-кордук

Колу ийининен кесилген киши эртеден кечке көчө кыдырып: "Менин абалымды көргөн адам, эч качан эч кимге зулумдук кылбасын" - деп кыйкырып жүрөт. Ал бул адатты өзүнө көнүмүш кылып алгандай. Ага көңүл бурбай өтүп жаткан көпчүлүктүн арасынан бирөө токтоло калып, анын айтканына кызыкты: - “Эмне минтип жар салып жатасыз, айтканыңыздын себебин билсек болобу?”– деди ал сылык. 

Падышанын белегине ээ болгон адам

Бир үлкөн өлкөнү башкарган даанышман падыша бар эле. Бирде ал элинин адеп-ахлагын, жаштардын ой-пикирин текшерүү үчүн борбордук чоң көчөлөрдүн биринин так ортосуна көлөмү чоң ташты таштатып коёт. Анан өткөн-кеткендер жолду тосуп калган ташты көргөндө эмне кылаарын байкап туруусу үчүн бир адамды кароолчу кылып дайындайт. Арадан бир канча күндөр өтөт, жолдон көптөгөн адамдар ары-бери басып өтүшөт, бирок ташты жолдун жээгине жылдырып коюу алардын биринин да оюна келбейт. Тескерисинче, өткөндөрдүн баары: “Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер ушул ташты жолдун жээгине жылдыртып койбойт?

99 формуланын сыры

Бир күнү падыша вазиринен сурады:
— Менин кызматчымдын дайыма маанайы жарык, мага караганда бактылуу жашоо кечирет, анын колунда эч нерсе жок, а мен болсо падышамын, бирок жан дүйнөм жабыркап, көңүлүм тынчыбайт. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуң?
— “99 формуласы” менен аны сынап көрбөйсүзбү? – деди вазири, сырдуу жылмайып.
— “99 формуласы” дегениң эмне, табышмактатпай так айтпайсыңбы? – деп падыша, бир аз ачууланды.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Москва шаарындагы мекендештерибизден кабар алып келди

Muftiyat.kg/ 23-ноябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы  Абдишүкүр ажы Нарматов Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын чакыруусу менен Москва шаарына барып, жалпы аянты 18900 чарчы метрди түзгөн борбордук мечитке толо келген 10 миңге чукул мекендештерибиз менен жолугушту.

Кыргызстан Ислам Университетинин 1-курсунун студенттери сынак китепчесин жана студенттик билеттерин алышты

Muftiyat.kg/ 23-ноябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин 1-курсунун студенттерине сынак китепчесин жана студенттик билеттерин тапшыруу аземи өттү. Салтанаттуу саамалыкка  Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, университеттин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Марс Ибраев, окуу иштери боюнча проректору Абдубаси Матраимов, окуу бөлүм башчысы Саипназар Гүлмуродов, КИУнун ага окутуучусу Ибрахим Баширов жана жалпы студенттер катышты.

Ошол түнү кантип укташты экен?

Кээ бир адамдардын жашоосунда болуп өткөн ажайып окуяларды укканыбызда же окуганыбызда, жүрөк толкуп, алардын ошол учурдагы абалын көз алдыбызга келтире албай, чолок акылыбыз жетпей: “Алар ошол түнү кантип укташты экен?” деген суроонун кучагында калабыз. Чындап эле, ошол түнү алар кантип укташты экен?”.

Жабалдын уулу Муаз (ага Аллах ыраазы болсун)

Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңеши окуу жайдын билим берүү тармагындагы иштерди талкуулашты

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, ага Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана окумуштуулар кеңешинин жалпы мүчөлөрү катышты. Отурумда окумуштуулар кеңешинин, окуу усулудук бирикмесинин, кураторлордун, студенттик кеңештин, теология жана гуманитардык сабактар кафедрасынын жоболору жана алардын окуу пландары каралды.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине болгон кайрылуусу

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Кадырлуу калкым, урматтуу Кыргызстандык мекендештер!

Подписка на RSS - Абдишүкүр Нарматов