Муфтият-FM

Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Акимжан ажы Эргешов

Ошто казыят кызматкерлери арасында футбол оюну боюнча турнир өттү

Muftiyat.kg/ 25-март/ Ош шаарындагы “Ак-Тулпар” спорт комплексинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) биргеликте “24-Март Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата “Кургак учукту бирге жеңебиз – Ислам кодулоого каршы” аттуу девиз менен казыяттар арасында футбол турнири болуп өттү.

24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаарындагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Muftiyat.kg/ 23-март/ 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жума намазга келген жарандарга  «Оорулурады зыярат кылуу жана аларды кемсинтпөө» темасында баяндама жасады.

Эми Кыргызстандын бардык аймактарындагы диний окуу жайларда кесиптик билим берүү башталат

Muftiyat.kg/ 8-февраль/ Кыргызстанда “Медресе окуучуларына кесиптик билим берүү” долбоорунун үчүнчү этабы башталууда. Анын алкагында бул жолу Кыргызстандын бардык облустарындагы бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышса болот. Адистиктер ширетүүчү, ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, тигүү тармагы, компьютердик сабаттуулук жана электрик багыттары боюнча үйрөтүлөт.

Өлкө аймагындагы диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасы өтүп, жыйынтыгы чыгарылды (Жеңүүчүлөрдүн тизмеси)

Muftiyat.kg/ 28-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу  "Илимди издеген ачат" аттуу темада диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасын өткөрдү. Олимпиада Кыргызстан Ислам Университетинде өтүп, ага өлкө аймагындагы 15 диний окуу жайдан 45 студент ат салышты. Сынак "Фикх" жана "Араб тили" сабактарынан өткөрүлдү.

Оштогу имамдарга кургак учуктун алдын алуу боюнча окуу семинары уюштурулду

Muftiyat.kg/ 22-январь/ 20-21-январь күндөрү Ош шаарында Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги биргеликте уюштурган “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долбоорунун алкагында дин кызматкерлери үчүн эки күндүк окуу семинары болуп өттү.

Кыргызстан Ислам Университети менен Орусия Ислам Университети эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту

 Muftiyat.kg/ 24-октябрь/ 2014-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Орусиянын борбордук Мусулмандар Диний Башкармалыгынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча түзүлгөн келишиминин негизинде Ислам баалуулуктарын жайылтуу жана билим берүү тармагын кеңейтүү, терс багыттагы диний агымдардын алдын алуу максатында Орусия Ислам Университетинин ректору Сулайманов Артур Русланович жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Ибраев Марс Каипович эки тараптуу кызматташуу

Муфтияттын окуу бөлүм башчысы Уфадагы "XXI кылымдагы диний билим берүүнүн үлгүлөрү жана Ислам баалуулуктары" аттуу илимий конференцияга катышууда

Muftiyat.kg/ 20-октябрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов 18-20-октябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өтүп жаткан  "XXI кылымдагы диний билим беруунун үлгүлөрү жана Ислам баалуулуктары" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышууда. Конференцияга Кыргызстан, Өзбекистан, Туркменистан, Таджикистан, Египет, Иордания, Марокко, Тунис жана Түркиядан дин аалымдары, маданият изилдөөлөр, философ, социолог, политологдор жана тарыхчылар чакырылган.

Чүй жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өтүп, анда алардын ишмердүүлүктөрү каралды

Muftiyat.kg/ 17-октябрь/ Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмү тарабынан Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, анын алкагында КР Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жобосуна ылайык жүргүзүлгөн бир катар иш аракеттер талкууланып, окуу жайларда түзүлгөн шарттар, билим берүү сапаты жана заманбап технологиялар менен камсыздалышы, студенттердин өздүк дело

Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда” аттуу тегерек стол өтүүдө

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда”  аттуу тегерек стол өтүүдө. Иш чаранын катышуучулары экстремизм, терроризм жана радикализмдин алдын алууда биргеликте иш алып баруу менен жаштардын ыйманын, адебин жана маданиятын көтөрүү жаатында өз ойлору менен бөлүшүүдө.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы диний окуу жайлардын студенттерине кошумча кесиптик билим берилмекчи

Muftiyat.kg/ 26-июль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен  жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардагы студенттер үчүн “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында  кесиптик билим берүү программасы ишке кирип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Абжапар” Ислам институтунда компьютердик билим берүү боюнча атайын жабдуулар жана техникалык каражаттар тапшырылса, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Имам Азам” медресесине ашпозчулук боюнча

Подписка на RSS - Акимжан ажы Эргешов