Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
05:50
Күн чыгышы
07:20
Бешим
12:46
Аср
15:24
Шам
18:12
Куптан
19:26

Замир кары Ракиев

 

Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин өкүлөрү Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу штабын алкыш баракча менен сыйлады

Muftiyat.kg/ 8-сентябрь/ Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар жайгашкан жаткан мейманкана, Вакыф жетекчилери ортосунда жыйын өтүп, ага ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Замир кары Ракиев, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы консулу Өмүрбек Гапаров жана УРШнын мүчөлөрү, жалпы ажы башчылар катышышты.

Кыргызстандык ажыларды Мина, Арафат өрөөнүндө суу, муз жана чатырлар менен камсыздоодо Кыргызстан менен САПтын ортосунда келишим түзүлдү

MUFTIYAT.KG/ 27-август/  Сауд Араб Падышачылыгынын  ажылык министрлигинин алдындагы Түркия, Европа, Америка жана Австралия мусулмандарынын ажылык сапарын уюштуруу мекемесинин өкүлдөрү Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруу боюнча  убактылуу республикалык  штабдын мүчөлөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүшүп, анын алкагында Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү Кыргызстандык болочок ажылар жайгаша турган чатырлырды аныктоо, бөлүштүрүү жана жайгаштыруу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. 

Кыргызстандык ажылар 29-август күнү Меккеден Мина өрөөнүнө көчүшөт

MUFTIYAT.KG/ 26-август/  Мындай чечим Мекке жана Медина шаарларындагы 2017-жылдагы ажылыкты уюштурууда ажыларга кызмат кылуучу көчмө топтун жыйынында белгилүү болду. Жыйындын алкагында быйылкы жылы Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү, 2017-жылдын 29-август күнү Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө Кыргызстандык ажыларды автобустар менен жеткирип, жайгаштыруу маселеси каралды. Муну менен катар ар бир ажы башчыга чучу кулак тартылып, кайсы топ качан көчөөрү аныкталуу менен алар үчүн атайын көчүү графиги бекилди. 

Азирети Муфтийдин орун басары Дубайдагы Эл аралык "Хидаят" изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушуп, экстремизмдин алдын алуу боюнча пикир алышты

Muftiyat.kg/ 6-июль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарынын Абу-Даби Билим Кеӊешинин башкы директору, Абу-Даби Аткаруу Комитетинин мүчөсү доктор Али Рашид ал-Наими, Эл аралык "Хидаят" борборунун изилдөө жана талдоо бөлүмүнүн директору Жемил Килинч, Эл аралык "Хидаят" борборунун аткаруучу директору Максуд Крус менен жолугушуп, экстремизм, терроризимдин алдын алуудагы аткарылып жаткан иштер, биргеликте терс диний агымдарга бөгөт коюу жана бул

Ажы башчылыкка талапкерлер бүгүн, 16-майда тесттик сынактан өтүштү

Muftiyat.kg/ 16-май/ Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2017-жылдагы ажыларды коштоп баруучу ажы башчылыкка талапкерлер ортосунда тесттик конкурс өттү. Конкурска облус боюнча 219 талапкер катталып, документтерин тапшырышса, алардын ичинен  206 талапкер тесттик сынакка катышышты. Тесттик сынактан өткөн талапкерлер 19-майда баарлашуу сынагына катышмакчы. Ал эми 2017-жылдагы ажыларды коштоп баруу үчүн 91 ажы башчы тандалып алынат.

Дин аалымдары Аюу-Сай айылынын жашоочуларынан кабар алып, Аалымдар Кеңеши тарабынан жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны элдин ыктыярана калтырышты

Muftiyat.kg/ 1-май/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана АКнын өкүлдөрү Мамасабыр ажы Досболов, Тажидин ажы Байтейитов, Ниязали ажы Арипов, Абдималик ажы Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн баш

Подписка на RSS - Замир кары Ракиев