Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:45
Күн чыгышы
08:24
Бешим
13:13
Аср
16:22
Шам
18:05
Куптан
19:43

Жоробай ажы Шергазыев

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы  Шергазыевдин кыскача өмүр таржымалы  

Жоробай Шергазыев 1974-жылы 27- августа   Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкектеги «Хазрат Умар» атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон Молдо Хашим жана Молдо Газылардан сабак алып, Кыргызстан мусулмандарнын  диний башкармалыгы тарабынан Египеттеги бүткүл дүйнөлүк «Ал-Азхар» университетине жөнөтүлгөн. 2004- жылы «Ал-Азхар»  университетинин «Шариат» факултетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары «Ал-Азхар» университетинин магистратурасында өзүнүн билимин жогорулаткан.  2006-2009-жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктап, ошол муфтиятта  2009-2010 жылы тажрыйба алуу максатында бир жыл эмгектенген. 2013 -2015 жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факултетинин магистратурасын аяктаган.

2010–жылы Кыргызстан ислам университетине мугалим болуп эмгектенген.
2011-жылдан тарта «Ыйман» мечитине имам хатиб, 2011-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнө адис эмгектенсе,  2013-жылдан тарта  фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.  Ал эми  2016-жылдын феврал айынан тарта  Азрети муфтийдин орун басары кызматын аткарып келүүдө.

Азирети Муфтийдин орун басары Талас казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Muftiyat.kg/ 17-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Талас облусунун мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Талас облусунун мусулмандар казыятынын 2018-жылы аткара турган иштеринен кабар алды. Ал эми облус казысы Таалайбек ажы Бапиев бирдиктүү жума хутбасы бардык имамдарга жеткирилип, ишке ашырылып жаткандыгын маалымдап, КМДБ тарабынан келген тапшырмалар аймактагы имамдарга өз учурунда берилип жаткандыгын билдирди.

Талас облусундагы имамдардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулган окуу семинары жыйынтыкталып, имамдарга сертификаттар тапшырылды

Muftiyat.kg/ 17-январь/  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Талас облусундагы дин кызматкерлердин  билим деңгээлин  жогорулатуу боюнча окуу семинары аягына чыкты . Семинар «Аймактагы имамдардын квалификациясын жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулуп,  Талас облусу боюнча 50 имам өз билимин жогорулатып, Муфтияттын атайын сертификатына ээ болушту .

Региондорду өнүктүрүү жылына карата Талас облусундагы имамдардын билимин жогорулатуу максатындагы окуу семинары башталды

Muftiyat.kg/ 15-январь/  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Талас облусундагы дин кызматкерлердин  билим деңгээлин  жогорулатуу боюнча окуу семинары башталды.

Муфтиятка Түркиянын Диянет фонду тарабынан басылган Куран китебинин кыргызча котормосу белек кылынды

Muftiyat.kg/ 21-декабрь/  Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Түркия Диянет фондунун жетекчисинин орун басары,  Түркиянын элчисинин дин иштери боюнча жетекчиси Мустафа Шанвер Мустафа Шанвер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын зыярат кылышып, Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай жана Садибакас Дооловдор тарабынан даярдалган ыйык Куран китебинин кыргызча котормосун белек кылыш

Азирети Муфтийдин орун басары Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Катардагы элчилигин зыярат кылды

Muftiyat.kg/ 15-декабрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Катардагы ыйгарым укуктуу элчиси Нурлан Ниязалиев менен жолугушуп, элчиликти зыярат кылды. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтийдин орун басары элчи Нурлан Ниязалиевге өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге кыргыз элинин саламын жеткирди.

Азирети Муфтийдин орун басары Катар мамлекетинин Вакф башкармалыгынын мүдүрү Халид бин Мухаммад Аал Саани менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 15-декабрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Катардын Вакф башкармалыгынын мүдүрү Халид бин Мухаммад Аал Саани менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, илимий долбоорлорду биргеликте аткаруу жана Катардын Вакф башкармалыгы  менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы алаканы бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Муфтият Катар мамлекетинин Вакф жана дин иштери боюнча министрлиги менен биргеликте диний окуу жайлардын мугалимдеринин билимин жогорулатууну максат кылууда

Muftiyat.kg/ 14-декабрь/  Мындай сүйлөшүүлөр кечээ, 13-декабрда Катар мамлекетинде шейх Жасим бин Мухаммад бин Санинин урматына карата өткөрүлгөн XXIV  Куран жарышынан кийинки расмий жолугушууда белгилүү болду. Эки тараптуу жолугушууда  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев 2017-жылдын май айында медресе мугалимдери үчүн уюштурулган семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, учурда окутуучулар бир топ жаңы методдор менен сабак берип жатышкандыгын баса белгиледи.

Азирети Муфтийдин орун басары Катар мамлекетинде өткөн XXIV Куран жарышына катышып, Азирети Муфтийдин саламын жолдоду

Muftiyat.kg/ 14-декабрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетинин Вакф жана дин иштери боюнча министри шейх Гаит бин Мубарак аль-Куваринин чакыруусу менен Катар мамлекетинде шейх Жасим бин Мухаммад бин Санинин урматына карата өткөрүлгөн XXIV  Куран жарышынын бүтүрүү салтанатына катышты.

Подписка на RSS - Жоробай ажы Шергазыев