Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Каракол шаарынын "Ибрахим ажы" атындагы борбордук мечити

  Каракол шаарындагы Ибрахим Ажы атындагы  Ысык-Көл областык борбордук мечитинин кыскача тарыхы..

Ысык-Көл областындагы Каракол шаарындагы борбордук мечит Ибрахим Ажынын демилгеси жана каржылоосунун негизинде курулган. Азыркы убакта мечит негиздөөчү Ибрахим  Ажынын ысымын алып келет. Замандаш дунгандардын арасындагы ысымы Маа-Хаджы болгон, өзүнүн аты Ма-Ю-Тон. Бул мечитти салдырыш үчүн ал Пекинден атактуу архитектор Чжоу-Сы жана 20 колунан көөрү төгүлгон жыгач усталарды чакырган. Ошондой эле көмөкчү усталары да өз салымдарын кошкон. Бул мечит 1904-жылы башталып 1907-жылы салынып бүткөн. Чеберчилик менен системаланып салынгандыктан, бир дагы мык колдонулган эмес. Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат,ошондой эле көп кабаттуу чатырчаларында ар түрдүү алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер жемиштердин сүрөттөрү түшүрүлүп кооздолгон. 1929-жылдан 1947-жылгы чейин совет бийлигинин убагында кампа болуп турган. 1947-жылы кайра мечитке берилген. Бүгункү күндө мечит боюнча турат. Бул мечит тарыхый музей катары дагы катталган. Ошондуктан, биздин мечитке дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтер келет. 1929-жылга чейин ушул мечитте имам болуп иштеген адамдардын аты-жөнү белгисиз. 1947-жылдан баштап иштеген имамдар:

  1. Абшаид Молдо
  2. Шамшы Кары
  3. Файзуллах Кары
  4. Анипа Ахун
  5. Ниматулло Молдо
  6. Узак Молдо
  7. Жумадыл Молдо
  8. Ассадулло Молдо
  9. Абдувахаб Молдо
  10. Шакир Молдо
  11. Мухаммад Молдо
  12. Алмаз Казы