Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

НАРЫН ШААРЫНЫН БОРБОРДУК “АЗИРЕТИ АЛИ” МЕЧИТИ

1990-жылы Нарын шаарындагы борбордук “Азирети Али” мечитинин курулуш иши  башталуусу  сунушталып, мечиттин долбоору кагазга түшүрүлгөн. Өмүралиев Асейин мечит куруу долбоорунун ийгиликтүү чийүүсүнүн натыйжасында кыргыздын салт-санаасына, маданиятына төп келген улуу ата-бабаларыбыз колдонуп келген “Көөкөр” идишин чагылдырып бергендиктен анын долбоору эң мыкты деп табылган. Мечиттин курулуш иши 1991-жылы башталган. Борбордук мечитти куруунун демилгечиси жана демөөрчүсү Мукаш Абдраевич Эсеналиев. Курулуш иши жалпысынан ашар жолу менен бүткөн. Ошондой эле Нарын шаарынын мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери айлык маяналарынан которуу жолу менен жана накталай акча аркылуу жардам беришкен. Мындан тышкары Араб мамлекетинен келген мусулман кайрымдуу адамдар да өз салымдарын кошушкан. Мечиттин курулушу 1993-жылы аяктап, колдонууга берилген. Мечиттин ачылыш аземи 1993-жылдын 14-ноябрында болуп өткөн. Бул мечиттин башка мечиттерден айырмачылыгы мечиттин бетине түшүрүлгөн кыргыздын оймо-чиймелери.

Мечиттин сейсмологиялык туруштулугу  8 баллдык жер титирөөгө эсептелген. Мечит жалпысынан жер төлөөсүн кошкондо 3 кабаттан турат. Жер төлөөсүндө Нарын диний медресеси жайгашкан. Жер төлөөдө жалпы 6 бөлмө бар. Алар: Ашкана, 2 жатакана, окуу бөлмөсү, жылуулук берүү бөлмөсү. Биринчи кабатында Нарын облустук казыятынын кеңсеси орун алган. Биринчи кабатта 7 бөлмө бар. Кабылдама, Казынын кабинети, имам жана мугалимдер кабинети, бухгалтерия, даараткана, жыйындар залы, басма сөз кызматы бөлмөлөрү жайгашкан.  Ал эми 2-кабатында  бийик тепкич менен сырттан кирип бара турган жалпы коомчулук үчүн намаз окуу залы (мечит) жана 2 сап адамдар бата тургандай коридор орун алган. Анын ички көлөмү, узуну:14,88, туурасы: 8,40м.(125м2.) Намаз окуу жайы 200-250 киши намаз окууга ылайыкталган.

Бул борбордук мечит диний уюмду эсептик каттоо жөнүндөгү № ИМ-0740 күбөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 2003-жылдын 15-апрелинде катталган.

 

МЕЧИТ ТУУРАЛУУ БУЛАРДЫ БИЛҮҮ КЫЗЫК:

Мечиттин жалпы аянты: 1,5га

Фундаменттин эң бийик жери: 2 м

Экинчи түздүгүнүн бийиктиги: 4,70м.

Дубалдын куполго чейинки бийиктиги: 13,70м.

Куполдун башына чейинки бийиктиги: 19,70м.

Мунаранын бийиктиги: 28,70м.

Мунаранын айынын башына чейинки бийиктиги: 30,70м.

Мунаранын адамдар чыкчу жери: 21,4м.

Маңдайкы тепкичтердин биринчи түздүгүнүн бийиктиги: 2,30м.

Мечиттин өзүнүн тепкичтерин кошпой, балкону менен эсептегендеги аянты:

узундугу: 21,30м. Туурасы: 16,90м.