Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Ак-Өлөң айылынын имамы мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев мектеп окуучулары менен жолугушуп, ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, диний терс агымдар, аялдын коомдогу орду, ата-энеге болгон мамиле, билимдин зарылчылыгы туурасында баяндамасын жасады.  

«Балдар биздин эртеңки келечегибиз болгондуктан аларга туура багыт, туура жол көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан мектеп жетекчилиги, мугалимдер менен биргеликте тарбиялык маанидеги баяндамаларды көп жасап, ата-энелер менен чогу иш алып барышыбыз керек”,-деди Ак-Өлөң айылынын имамы.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууга мугалимдер катышып, өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышып, окуучуларды билимдүү болуп, китеп окууга чакырышты.    

Ушундай эле жолугушуу Ак-Суу районуна караштуу Теплокюченко айылындагы “Киров” атындагы мектеп гимназиясында өтүп, ага Ак-Суу райондук баш имам хатиб Асантур ажы Абдрахманов, РИИБ кызматкерлери жана мугалимдер катышышты. Жолугушуунун алкагында терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, РИИБ кызматкерлери, имамдар жана мугалимдер окуучуларды ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөштү.