Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:27
Күн чыгышы
06:12
Бешим
13:01
Аср
17:50
Шам
19:51
Куптан
21:23

Акимжан ажы Эргешов: «Дүйнөлүк Куран жарышта 3 орунду багынткан Абдурахман кары «Абдулла ибн Аббас» медресесинен Куранды дүйнөлүк деңгээлде окууга үйрөнгөн»

Muftiyat.kg/ 9-май/ Дүйнөлүк Куран жарышта Кыргызстандын намысын коргоп, 3 орунду багынткан  Закиров Абдурахман кары Бишкек шаарындагы Абдулла ибн Аббас медресесинен Куранды дүйнөлүк деңгээлде окууга үйрөнүп, анын санжырасын терең өздөштүргөн.  Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов билдирди. Акимжан ажы Эргешовдун айтымында Закиров Абдурахман кары 2016-жылы Арашандагы Абдулла ибн Аббас медресесине тапшырып, Куранды эрежеси менен окууга үйрөнүп, ыйык китепти тажвид, тартип жана туура өздөштүрүү жаатында өзүн такшалткан.

«Абудархман кары 2016-жылы Арашандагы Абдулла ибн Аббас медресесине тапшырып, Куран окуунун ижазатын (деңгээлин) үйрөнгөн. Куранды ижазаты жок окуу мүмкүн эмес. Ошондой эле аталган медресе Куранды дүйнөлүк деңгээлде окууга үйрөтүп, жаш карылардын демине дем кошуп келет»,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4 - май күнү Индонезия мамлекетинде жалпысынан 17 мамлекеттин өкүлдөрү  катышкан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышы өтүп, анда  Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 4 мекендешибиз аттанып, үчөө Куран жарышы, бирөө  хадис илими боюнча күч сынашкан. Сынактын жыйынтыгы боюнча Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну 19 жаштагы Абдурахман кары Курандан 30 пара жаттоо боюнча 3-орунду багынткан.