Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Акылбек уулу Өмүрбек: “Дүйнөлүк Куран жарышка катышуу менин келечегим үчүн чоң стимул болду”

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышында Баткен районунун Карабак айылындагы “Нур” Куран жаттоо медресесинин студенти Акылбек уулу Өмүрбек жана Кыргызстан Ислам Университетинин 2 курсунун студенти Зарипов Усмон 30 пара Куранды жатка окуу боюнча Кыргызстандын намысын коргошту.

Акылбек уулу Өмүрбектин айтымында эки жумага созулган Куран жарышы жогорку деңгээлде өттүп, сынактын  жүрүшүндө Мекке шаарындагы тарыхый жерлерге зыяраттар уюштурулган.

«Учурда жарыш жыйынтыкталып, алдынкы орунду Сауд Арабиялыктар багындырды. Бирок, бул жарыш менин келечегим үчүн чоң стимул болду”,-дейт Акылбек уулу Өмүрбек.

Белгилей кетсек, аталган бүткүл дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан Кыргызстан Ислам Университетинин 2 курсунун студенти Зарипов Усмон жана Акылбек уулу Өмүрбек  ат салышты.