(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Ала-Букадагы дин кызматкерлер жол кырсыктарды болтурбоо үчүн айдоочуларга түшүндүрүү иштерин башташты

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык Ала-Бука райондук хатибият кызматкерлери жана  райхатиб Шумкарбек ажы Чыналиев жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча атайын иш чараларды уюштурууну демилгелешти. Иш чаранын алкагында райхатиб Ала-Бука райондук автобекеттин жетекчиси Абдисамат Сатымкулович менен жолугушуп, алдыда боло турган иш чараларды пландашты. Жолугушуу алкагында райондук автобекеттин жетекчиси мындай демилгени колдой тургандыгын баса белгилеп, жол кырсыктарынын алдын алууда жапа-тырмак иштөө керектигин билдирди. Ал эми райхатиб Ала-Бука автобекеттин айдоочулары жана анын айланасында турган такси кызматкерлери менен жеринде жолугушуп, жолдогу кырсыктардан сак болууну, ошондой эле айдоочуларга жолдо жүргөндө  шашпастан акырындык менен, жол жүрүү эрежелерин сактап жүрүүнү өтүнүп, ар бир жүргүнчү аманат экендигин жана ар бир жандын баалуулугун түшүндүрүштү. Ошондой эле  айдоочуларды  сапар тартканда ичимдик ичпөөгө жана  чарчап турганда уктап, эс алып алгандан кийин гана жолго чыгууга чакырды.