Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:20
Күн чыгышы
07:55
Бешим
13:15
Аср
16:54
Шам
18:38
Куптан
20:12

Ажылыкка баруу үчүн электрондук тизмеге катталган жарандар калган төлөмдөрүн 3-апрелден 21-апрелге чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл

Muftiyat.kg/ 31-март/ Мекке шаарына Бишкек-Жидда (Медина) -Ош-Жидда (Медина), Жидда (Медина)-Бишкек, Жидда (Медина)-Ош маршруту боюнча жана Аваид, Никаба, Арафаттагы чатырлар, Мекке жана Медина шаарындагы тамак-аш, автобус жана башка ушул сыяктуу төлөмдөрдүн негизинде 2017-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 2760 АКШ долларын түздү. Ал эми 2017-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 400 АКШ долларын жана 500 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук каттоого катталган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2760 АКШ долларынан калган 2360 АКШ долларын 2017-жылдын 3-апрелинен 21-апрель саат 17:00го чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл.