Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Азирети Муфтий Хельсинк шаарындагы «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы форумга катышууда

Muftiyat.kg/ 12-декабрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Финляндия мамлекетинин борбору Хельсинк шаарындагы «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы XIII эл аралык форумга катышууда.  

Форумга 25 өлкөнүн илимий изилдөө институттарынын өкүлдөрү, диний башкармалыктардын жетекчилери жана дин аалымдары, серепчилер катышып, «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер», «Салттуу баалуулуктардагы кризис жана аны жоюнун жолдору», «Курандын гумандуулугу жана Исламдын комплекстүү программасы, өзгөрүүлөр» аталышындагы темалар боюча талкуу жүргүзүшүүдө. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн «Ислам дининин баалуулуктары» аталышындагы докладын окуп, катышуучуларга кыргыз элинин саламын жолдоду.