Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Азирети Муфтий Хельсинк шаарындагы XIII эл аралык форумда «Исламдын келечеги Курандын гумандуулугунда» аттуу докладын окуду

Muftiyat.kg/ 12-декабрь/  Финляндия мамлекетинин борбору Хельсинк шаарындагы «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы XIII эл аралык форумда  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  «Исламдын келечеги Курандын гумандуулугунда» аттуу докладын окуп, коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда билимдин маанилүүлүгү жана ыйык Куран бүткүл адамзатка туура жолду көрсөтүүчү китеп экендигине токтолуп, ар бир инсан Жараткан Алла Таала менен болгон мамилени оңдоосу керек экендигин айтып өттү. Муну менен катар Азирети Муфтий пайгамбарыбыздан (с.а.в)  үлгү алууга чакырып, анын өрнөктүү өмүр жолу менен жакындан таанышып чыгуу менен адамдардын ортосундагы мамиле жакшыраарын билдирди.

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринин 60 миңинин ичнен 6 миңи ишеним жана бардык пайгамбарлардын окуясын камтыса, 4 миңи адал-арам жана шарият өкүмдөрү болсо, 50 миңи Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жана жашоо-тиричилигине байланыштуу. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Мен бул дүйнөгө жакшы кулк-мүнөздү толуктоо үчүн келгенмин»,-деп айткан. Андыктан ар бирибиз Пайгамбарыбыздан (с.а.в) үлгү алалык»,-деди Азирети Муфтий.