Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:47
Күн чыгышы
08:27
Бешим
13:12
Аср
16:16
Шам
17:59
Куптан
19:38

Азирети Муфтий: «Ислам дини кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин жана достуктун дини»

Muftiyat.kg/ 12-декабрь/ Мындай пикирин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Финляндия мамлекетинин борбору Хельсинк шаарындагы «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы XIII эл аралык форумда билдирди.

Ошондой эле Азирети Муфтий Ислам дини экстремизм менен терроризмге каршы чыккан дин экендигин айтып, ыйман менен жакшы амал ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги экендигин баса белгиледи.

«Ислам дининин келечеги билим менен жакшырат. Ал эми Курани Карим бүткүл адамзатка туура жолду көрсөтүү үчүн жиберилген китеп болсо, пайгамбарыбыз (с.а.в) кыямат күнгө чейинки үммөттүн пайгамбары»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өз докладында.

Муну менен катар Азирети Муфтий пайгамарыбызга (с.а.в) Куран түшө электен мурда эле «чынчыл», «аманаткөй» деген сыпаттар менен аталгандыгына токтолуп, мусулмандар чынчыл жана аманатка бекем тургандардан болуусу керектигине токтолуп, Ислам дининин пайдубалы чынчылык менен аманаткөйлүктө экендигин баса белгиледи.

«Аалымдарыбыз: «Өзүң менен Жараткандын ортосундагы мамилени оңдогун, сени менен адамдардын ортосундагы мамилени Алла оңдоп койот», экинчиден «ички дүйнөңдү ойдосоң, Алла Таала сырткы дүйнөңдү оңдойт», үчүнчүдөн «акыретинди оңдосоң, Алла Таала дүнүйөңдү оңдойт» деп айтышкан. Демек, бүгүнкү күндө инсандар ушул үч насаатты бекем карманышканда инсандын жан дүйнөсү байымак. Ал эми бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдөгү адамдардын ортосундагы мамиленин начардыгы бул биз менен Жараткандын ортосундагы  мамиленин  начардыгы»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми стратегиялар жана аларды чечүү жолдору боюнча Азирети Муфтий өз пикирин билдирип, бүгүнкү күндө адамзатта канчалаган көйгөйлөр болуп жатса ал мүшкүлдөрдүн чечилүүсүн инсандардан издөө туура эместигин билдирип, көйгөйдү Жараткандын алдынан издөө керектигин билдирди.

«Алла Таала жакшылык менен жамандыкты жаратуучу. Кандай гана кыйын иш болбосун ал Жараткандан келет жана алардын чечилүүсү Жараткандын колунда. Демек, бардык көйгөйлөрдү чечүүдө Алла Таалага кайрылышыбыз керек. Ал үчүн өзүбүздүн амалдарыбызды оңдошубуз керек. Ошондо гана Жараткан биздин абалыбызды оңдойт»,-деди өз сөзүдө Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, учурда Финляндия мамлекетинин борбору Хельсинк шаарында «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы XIII эл аралык форум өтүүдө.