Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Азирети Муфтий облус жана шаар казылары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Гранд Бурана мейманканасында облус жана шаар казылары менен жолугушуп, аймактардагы аткарылып жаткан иштер, диний кырдаал жана казылардын 2018-жылдагы иш пландары менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө казылар аймактардагы аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат беришип, тапшырмалардын аткарылышы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон алакалары боюнча отчетторун тапшырышты.  Облус жана шаар казылары менен болгон жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев катышты.