Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Азирети Муфтий Ош шаарындагы Саида Хадича медресесинде билим алып жаткан студенттерден кабар алды

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарындагы Саида Хадича медресесинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, «Аял затынын Ислам дининдеги орду жана Куран үйрөнүүнүн даражасы» темасында лекциясын окуп берди.  Студенттер менен болгон жолугушууга Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев катышып, өздөрүнүн баяндамаларын айтышты.

Ал эми күндүн экинчи жарымында Азирети Муфтий Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Сулайман-Тоо мечитинде жума баянын  айтып, шаар тургундарына «Эркек менен аялдын ортосундагы укуктар жана милдеттер» туурасында хутбасын окуп берди.