Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Азирети Муфтий Равиль хазрат Исмагиловичти Орусия муфтийлер Кеңешинин төрагалыгына шайланышы менен куттуктады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Равиль хазрат Исмагиловичти Орусия мусулмандар диний башкармалыгынын жана Орусия муфтийлер Кеңешинин  төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады.  

Куттуктоо толугу менен берилет; 

              Урматтуу хазрат Равиль Исмагилович,

            Сизди Кыргызстан Мусулмандарынын атынан, Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман  Орусиянын муфтийлер Кеңешинин бир добуштан кабыл алган чечиминин натыйжасында, жогорку жана маанилүү кызмат болгон Орусия Федерациясынын  муфтийлер Кеңешинин Төрагасы болуп шайланууңуз жана Орусия мусулмандарынын эң жогорку сыйлыгы –  I даражадагы “Аль-Фахр” орденин алууңуз менен чын жүрөктөн куттуктап коюга уруксат этиңиз!

Бул куттуу кабар  Орусиядагы  бардык мусулман бир туугандарыбыздын кубанычы болуу мен бирге эле, албетте биздин дагы кубанычыбыз болду жана ошондой эле бизде Алла Тааланын чексиз мээриминин натыйжасында  Сиз Орусия элдеринин ортосундагы руханий-адеп-ахлактык бейпилдикти, жыргалчылыкты орнотуудагы салттуу Исламдын баалуулуктарына негизделген аракетиңиз менен өзүңүзгө жүктөлгөн Алланын улуу милдетин  аткара алат деген ишенимибизди дагы да бекемдеди.

            Орусия муфтийлер Кеңешинин V Курултайынын бир добуштан кабыл алган чечими менен Сизди бул эң жогорку кызматка дайындоосуна, албетте Орусия мусулмандарынын тынчтыкта жана бейпилчиликте өсүп-өнүгүүсүндө Сиздин ар бир адамга үлгү болоорлук, чыныгы Исламды чыңдоо тарыхында  жалаң эле Орусияда эмес, бүткүл дүйнөдө олуттуу изин калтырган жогорку руханий маданий деңгээлиңиз, агартуучулугуңуз жана Сиздин олуттуу да маанилүү да эмгегиңиз, аракетиңиз себеп болду деп билебиз!

            Сиздин диний да жана светтик да чөйрөсүндөгү  бийик агартуучулугуңуз, дин кызматындагы  эң жогорку бай да жана  баа жеткис да тажрыйбаңыз сөзсүз Орусиянын боордош мусулмандарына  пайдалуу болуучу көптөгөн пландарды, масштабдуу долбоорлорду кыйынчылыксыз  иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк берет  жана жылуу мамилелерди, өз ара көмөктөштүктү жана ошондой эле биздин мамлекеттерибиздин диний башкармалыктарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдайт!

            Урматтуу Равиль хазрат Исмагилович,

            Биз Алла Тааладан Сизге ден-соолук жана бактылуулукту, ошондой  эле Алла Тааланын ыраазылыгына ээ болуу жолундагы Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө, эмгегиңизге жана аракетиңизге береке берүүсүн сурап дуба кылабыз!

           

Сизди терең урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи

Максатбек ажы Токтомушев