Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Ат-Башы районундагы 21 мектептин жетекчиси Нарын казыятын жана Нарын медресесин зыярат кылышты

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кечээ, 12-апрель бейшемби күнү Ат-Башы районунун мектеп директорлору, орун басарларынан турган 21 агартуучу Нарын казыятына жана Нарын медресесин зыярат кылышып, облустук казыят жана медресе тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Муну менен катар мектеп жетекчилери окуучулар тарабынан даярдалган программага күбө болушуп, медресе мүдүрү Баатыр Жакыповдун лекциясын угуп, ой бөлүшүштү. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дөөткулов Дүйшөнбек жакшы пикирин билдирүү менен мугалимдерди коштоп келген Ат-Башы районунун баш имам хатиби Тахиров Абдуллага жана казыяттын, медресенин жамаатына ыраазычылык билдирди.