(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Баткен облусунун ажылары Медина шаарына учуп кетишти

Muftiyat.kg/ 11-август/ Баткен облусунун болочок ажылары Исламдагы беш парзынын бири болгон ажылык милдеттерин өтөп келүү максатында Медина шаарына учуп кетишти. Баткен облусундагы зыяратчыларды Ош Эл аралык аба майданынан узатууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев келишип, өздөрүнүн накыл кептерин, ажылыктын шарттарын, коопсуздук эрежелерин айтышып, Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарын так сактоого чакырышты. Баткен облусунан Медина шаарына жөнөп жаткан болочок ажыларга облус казысы Муса ажы Жолдошов батасын берип, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин айтып, мамлекетибиз үчүн ыйык жерден дуа кылууга үндөдү.