Муфтият-FM

Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Баткен районунун имамдарына жыйын өтүп, бир катар маселелер талкууланды

Muftiyat.kg/ 8-февраль/ Баткен районунун баш имамы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен районунун имамдарына 6-февраль күнү “Абу Бакр Сыдык” мечитинде жыйын өткөрүп, анда ажылыкка каттоонун жүрүшү, бир айлык отчет берүү тартиптери, мечиттердин тазалыгы боюнча маселелер каралды. Ошондой эле имамдарга 2018-жылга карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Аалымдар Кеӊеши тарабынан түзүлгөн намаз календарынын китеби таратылды. Ал эми Баткен районунун баш имамы Пазыл ажы Султанмуратов Муфтият жана казыят тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды айтып, имамдарга бир каттар тапшырмаларды берди.