Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:20
Күн чыгышы
07:55
Бешим
13:15
Аср
16:54
Шам
18:38
Куптан
20:12

Баткен шаарында аялдар үчүн жаңы усулдар менен Куран жана араб тили сабактары окутулууда

Muftiyat.kg/ 9-февраль/ Баткен шаарында аялдар үчүн Куран жана араб тили сабактары жаңы усулдар менен окутулууда. Окуу курсу Баткен казыятынын аялдар борборунун кызматкери Санавар Кенжаева тарабынан уюштурулган. Окуу мөөнөтү Куран үйрөнүү үчүн 3 ай жана араб тилин үйрөнүү үчүн 7 ай болуп, жумасына 4 күн окутулат. Учурда сабакка 40 тан ашуун аялдар катышып, араб тилин ийгиликтүү аяктагандарга атайын сертификаттар берилет.

“Окуу курсунда сабактар жаңы усулдар жана чоң жаштагылар үчүн  жеңил ыкмаларды колдонуу менен өткөрүлөт. Натыйжасы жемиштүү болуп жатат. Курсту толук аяктагандар араб тилин жакшы өздөштүрүп жатат”,-дейт Санавар Кенжаева

Санавар Кенжаева Бишкек шаарындагы  Кыргызстан Ислам Университетин аяктаган.