(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:20
Күн чыгышы
07:55
Бешим
13:15
Аср
16:54
Шам
18:38
Куптан
20:12

Баткен шаарындагы “Таква” мечитинин жамааты жардамга муктаж Мээринса Кулпидиновага акчалай жардам беришти

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Баткен шаарындагы “Таква” мечитинин жергиликтүү жамааты  Баткен шаарынын жашоочусу, жардамга муктаж Мээринса Кулпидинованын абалынан кабар алышып, акчалай жардам көрсөтүштү. Аталган  мечиттин имамы Абдулаким Сейдакматовдун айтымында акча каражатын мечит жамааты өздөрү чогултушуп, жалгыз балдарын  тарбиялап жаткан  Мээринса Кулпидинованын жашоо турмушуна кол кабыш кылууну чечишкен. Акчалай жардам балдарынын окуусу үчүн  чоң жардам болоорун айткан Мээринса Кулпидинова мечит жамаатына ыраазычылыгын билдирди.