Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Бишкек казыяты шаардык ЖКККБ менен биргеликте “Адам жаны аманат” аттуу акция өткөрүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Бишкек шаарынын мусулмандар казыяты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун  көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте “Адам жаны аманат” аттуу акция өткөрүшүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жол эрежелерин сактоо, адамдын жанынын баалуулугу туурасында баяндамаларын айтышты.

Ал эми шаар казысы Садридин ажы Маджитов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун  көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте демилгеленген “Адам жаны аманат” аттуу акция жол кырсыктарын азайтууга салым кошоорун белгилеп, Бишкек шаарындагы 4 райондун баш имам хатибдери жана имамдары автобекеттерде жана маршруттук таксилер токтоочу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн баса белгиледи.

Ал эми акциянын жүрүшүндө айдоочулар  ЖКККБ жана имамдар тарабынан өткөрүлүп жаткан акцияга ыраазычылыктарын билдиришип, ар дайым жол эрежелерин сактап жүрүүгө убада кылышты.

“Адам жаны аманат” аттуу акцияга Бишкек шаарынын Жол Кыймылынын Коопсуздугун Көзөмөлдөө Башкармалыгынын  башчысы Шайырбек Бопонов, Бишкек шаарынын Мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов, шаар казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов жана шаардык казыятка караштуу 4 райондун баш имам хатибтери катышышты.