Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:45
Күн чыгышы
08:24
Бешим
13:13
Аср
16:22
Шам
18:05
Куптан
19:43

Бишкек шаарынын казысы автобекеттин айдоочулары менен жеринде жолугушуп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча түшүндүрүү иштерин баштады

Muftiyat.kg/ 6-декабрь/  Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарындагы жаңы автобекеттин айдоочулары менен жеринде жолугушуп, жол эрежесин сактоо боюнча маалыматын берип, ар бир жандын аманат экендигин эскертти. Муну менен катар шаар казысы Алла Таала сактанган кишини сактай тургандыгын, ар  бир нерсенин эрежесин сактаган учурда гана ийгилик болоорун билдирди. Ошондой эле шаар казысы учурда болуп жаткан жол кырсыктары катуу ылдамдык, мас абалында айдоо, толук эс албай кайра узак жолго аттануудан болуп жааткан айтып, айдоочулар Алла Тааланын алдында бардык жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да жооп бере тургундыгын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, бул жолугушуу Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин жалпы Кыргызстан боюнча жол кырсыктарынын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча берген тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.