(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Бишкектеги борбордук мечитте республикалык Куран жарышы старт алды

Muftiyat.kg/ 6-июль/ Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарыштын тантоо туру башталды. Учурда өлкө аймагындагы Куран жарышынан жеңүүчү болгон уландар бүгүн жана эртең күч сынашып, өздөрүн Куран окуудагы чеберчиликтери, тажвид эрежелери боюнча калыстардын сынынан өтмөкчү. Республикалык Куран жарышынын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, шейх Муса жана Медина шаарынан келген  доктор Ахмад Адыл Рифъи катышып, тандалган талапкерлерге ийгилик каалашты. Ал эми Муфтияттын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы ар жылы КМДБ менен Бүткүл Дүйнөлүк Куран жаттатуу уюму менен биргеликте уюштурулуп келген Куран жарышы өзүнүн жакшы натыйжасын берүү менен Куран жаттоочулардын кызыгуусун жогорулатууда. Ошондой эле республикалык Куран жарышынан жеңген уландар бүткүл дүйнөлүк Куран жарышына катышып, байгелүү орундарды жеңишип, кыргыздын желегин желбиретип таткандыгына токтолду.

Республикалык Куран жарышында ат салышып жаткан Чүй облусунун төмөнкү Чүй айылындагы Аль-Аксо медресесинин окуучусу Абдуроуф Зикировдун айтымында мындай жарыштар жаштардын демине-дем кошуу менен ыймандын, мекенге болгон сүйүүнүн жана адеп-ахлактын жогорулашына салымын кошот.

Куран жарышынын катышуучулары Куранды толук (30 пара) жатка билүү менен кошо жазария эрежелерин жатка билүү боюнча, Куранды толук (30 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/2син (20 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/1ин (10пара) жатка билүү боюнча ат салышууда.