Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Чүй жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өтүп, анда алардын ишмердүүлүктөрү каралды

Muftiyat.kg/ 17-октябрь/ Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмү тарабынан Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, анын алкагында КР Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жобосуна ылайык жүргүзүлгөн бир катар иш аракеттер талкууланып, окуу жайларда түзүлгөн шарттар, билим берүү сапаты жана заманбап технологиялар менен камсыздалышы, студенттердин өздүк делолорундагы докуметтерин ирээтке келтирүү менен медреселердеги иш кагаздардын жүргүзүлүш тартиптери каралды. Ошондой эле жыйын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмү документтик иштердин туура толтурулушу боюнча түшүндүрмө берип, отчет берүүдөгү форманы толугу менен үйрөтүштү.  Муну менен катар отчет берүү системасын жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, ишти оптималдаштыруу боюнча мындай жыйындар өткөрүлүп тураарын эскертишти.

Аталган жыйынга КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана бөлүм кызматкерлери катышты.