Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Эртең, 12-январда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткенге барат

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Эртең, 12-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келет. Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында  иш сапарыдын жүрүшүндө Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы Жуманов атындагы  борбордук  мечитинде жергиликтүү эл менен жолгушуп, жума баянын өтмөкчү. Ал эми дин аалымынын баяндамасына катышууну каалаган аялдар үчүн өзүнчө жай даярдалды деп кошумчалады Мукадас ажы Кожониязов.