(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Кадамжайдагы имамдар 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылынын «Баяман» мечиттинде райондун баш имам хатиби Аскарали ажы Мырзаев аймактагы имамдар менен  жыйын өткөрүп, 9 ай ичиндеги жетишкендиктерге токтолуп, Ислам динин туура багытта жеткирүүдөгү иш арекеттери үчүн алдынкы деген имамдарга ыразычылык билдирип, бардык имамдардын иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Аскарали ажы Мирзаев “Ыйман, адеп жана маданият” жылында ак эмгектен тайбай иштеп, Алла Тааланын аманаты болгон Ислам динин, Ханафий мазхабын, Матрудий акыйдасын жайылтууга, Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча жана элди ынтымак, биримдик, достукка чакыруу боюнча иш алып барууну жалпы имамдарга тапшырды.

Ал эми имамдар эл ичиндеги аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узаттуудагы ысырапкерчиликтерге бөгөт коюда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу керек экендигин баса белгилешти.