Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Кара-Көл шаарында муктаж үй-бүлөлөргө 68320 сомдук жардам көрсөтүлдү

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Кара-Көл шаарындагы уюштурулган «Мүрөк-К» кайрымдуулук фонду тарабынан шаар аймагында атайын кайрымдуулук дүкөнү ачылып, 30 миң сомго бир жарым тонна картөшкө, 12820 сомго  641 килограмм пияз,  9 миң сомго 30 килограмм бал, 5 миң сомдго кыздардын кийим-кечелери, 2 миң сомго жаш жеткинчектер үчүн кышкы кийимдер, 700 сомго байпак, 800 сомго жылуу кийим, 2 миң сомго бут кийимдер, 6 миң сомго мектеп окуучулары үчүн окуу куралдары, кийим-кече, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш жана азык-түлүктөрү турмуш шарты оор, муктаж үй бүлөлөргө таратылды.

Фондду уюштуруу жергиликтүү жаш активистер тарабынан демилгеленип, шаардык хатибият жана мэрия тарабынан колдоого алынган.

“Жардам алуучулар адегенде фондго жазуу түрүндө арыз менен кайрылышат. Андан соң үч кишиден турган комиссия иликтеп чыгып, тиешелүү жардамдар берилет. Бүгүнкү күндөгү статистикага таянсак жалпысы болуп  68320 сомдук жардам көрсөтүлдү”,-деди шаар хатиби Бектен ажы Керезбаев.