Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Кара-Суу районунда мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери уланууда

Muftiyat.kg/ 9-февраль/ Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы орто мектептерде радикализмдин жана экстремизмдин жайылуусунун алдын алуу максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери уланып жатат. Бул боюнча Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев билдирди. Анын айтымында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө” чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы №315-б буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу жөнүндө иш-аракеттер планын” аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү, МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан 2018-жылга карата биргелешкен иш-чаралар планынын негизинде мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайлардын жана диний окуу жайлардын студент жаштарына адеп-ахлактык тарбия, интернет аркылуу туура такталган диний маалыматтарды алуу, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер, толеранттуулук, радикализмдин жана экстремизмдин жайылуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда Кара-Суу районунун көпчүлүк айыл өкмөттөрүндөгү мектептерде казыят кызматкерлери, ДИМКнын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу семинарлары өтүлүп жатат. 

Эскерте кетсек, бул иш чара ушул жылдын январь айынын аягында башталган болчу.