(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Кайрымдуулук фонддордун башы биригип, биргеликте иш алып баруу чечимин кабыл алышты

Muftiyat.kg/ 16-февраль/ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Кыргызстан Ислам Университетинде “Момун мусулмандар бир дене сыяктуу” деген ураан алдында диний жаатта иш алып барган коомдук кайрымдуулук фонддордун башын бириктирген тегерек стол өттү. Тегерек столго КИУнун ректору Марс Ибарев жана ректорат жамааты, «Ыйман», «Дил мүрөк», «Адеп башаты», «Санаабил», «Ас-Салам», «Биринчи кадам», «Асыл кенч», «Келечек жаштары», «Рисала», «Мутакаллим», «Ак жоолук ажары»  фонддорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Замир кары Ракиев, И.Арабаев атындагы КМУнун теология кафедрасынан философия илимдеринин доктору, профессор Үтүров Кытайбек жана кафедра башчысы Кокомбаев Кубат катышты. КИУнун жыйындар залында өткөн тегерек столдо кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү биргеликте мүмкүнчүлүккө жараша иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришип, бул жылы агартуучулук, кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп турууну максат кылуу менен кийинки жыйында кабыл алынган жобонун негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарынын алдында иш алып баруу иш алып баруу чечимин кабыл алышты.