Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Коңур-Ɵлөңдө жаштардын демилгеси менен айылдагы борбордук мечит оңдолууда

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Тоң районунун Коңур-Ɵлөң айылынын 1994-жылкы жаштарынын демилгеси менен мечиттин айланасын оңдоп-түзөө иштери башталды. Муну менен катар айыл жаштары мечит үчүн дааваткана салып берүү убадасын алышып, учурда курулуш иши башталды.

Ал эми Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов айыл жаштарына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, колдоо жана демилге көтөргөн жаштар мечит үчүн бир топ жакшы шарттарды түзүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Учурда 20 бала 10  миң сомдон чогултушуп, толук каржысын өздөрү көтөрүшүүдө. Эми жарандарыбыз үчүн бир топ жакшы шарттар түзүлүп, мечиттин айланасы ирээтке келтирилмекчи”,-деди Таалайбек ажы Акунов.