Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда” аттуу тегерек стол өтүүдө

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда”  аттуу тегерек стол өтүүдө. Иш чаранын катышуучулары экстремизм, терроризм жана радикализмдин алдын алууда биргеликте иш алып баруу менен жаштардын ыйманын, адебин жана маданиятын көтөрүү жаатында өз ойлору менен бөлүшүүдө. Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов экстремизм, терроризм терминдери Ислам динин жамынып алып, коомду адашууга алып келип жаткандыгын айтып, бул жаатта Аалымдар Кеңеши жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мектеп жаштарына, мугалимдерге түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү сунуштады.

Ал эми калган катышуучулар “Илимдүү жана  тарбиялуу жаштар күчтүү коомдун келечеги”, “Жаштар жана  радикалдуулук”, “Ыйман фондунун жаштарды тарбиялоодогу орду”, “Ыймандуу жаштарды тарбиялап чыгарууда диний билим берүүнүн орду” темаларында докладдарын окушууда.

Ал эми тегерек столдун акырында жалпы катышуучулардын биргеликте кызматташуусу үчүн  жаштар арасында түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүнүн жол жобосу иштелип чыкмакчы.

Эскерте кетсек, “Келечек-ыймандуу жаштарда”  аттуу тегерек стол Бишкек шаардык мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулууда.