Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңеши окуу жайдын билим берүү тармагындагы иштерди талкуулашты

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, ага Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана окумуштуулар кеңешинин жалпы мүчөлөрү катышты. Отурумда окумуштуулар кеңешинин, окуу усулудук бирикмесинин, кураторлордун, студенттик кеңештин, теология жана гуманитардык сабактар кафедрасынын жоболору жана алардын окуу пландары каралды. Ошондой эле кеңешмеде Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жазган макалалар жарыялана турган илимий журнал чыгаруу маселеси каралып, бул боюнча тиешелүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.