Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Баку шаарында өтүп жаткан «Ислам тилектештиги» жылына карата эл аралык конференцияга катышууда

MUFTIYAT.KG/ 21-декабря/ Бүгүн, 21-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «2017-жыл Ислам тилектештигинин жылы: Диндер жана маданият аралык диалог» аттуу жыйынтыктоочу эл аралык конференцияга катышууда.

«Ислам тилектештиги» жылынын алкагында өтүп жаткан конференцияны Кавказ мусулмандар башкармалыгы жана Азербайжандын диний билим берүү боюнча мамлекеттик комитети уюштуруду.

Бул иш чарага дүйнөнүн 40 мамлектинен жана 8 эл аралык уюмдарынан 200дөн ашык илимий, диний, коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Эскерте кетсек, «Ислам тилектештиги» жылынын алкагында болгон конференция буга чейин Финляндияда, Иранда, Турцияда, Өзбекистанда, Испанияда, Россияда жана Нахчыванда уюштурулган.