Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Муфтияттын ажылыкты уюштуруу штаб кызматкерлери менен САПтын ажылык министрлигинин өкүлдөрү коопсуздук боюнча план иштеп чыгышты

Muftiyat.kg/ 12-август/ Ыйык Мекке шаарындагы Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү Равшан ажы Эратов, Абибилла ажы Кадырбердиев, Эсенали ажы Убайдуллаев, Абдували Акматов Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларга кызмат көрсөтүүчү №25 мактабынын директору Хаттаб аль Ужейми менен жолугушуп, ажыларды тосуп алуу, коопсуздук эрежелерин так сактоо, ажылардын ден-соолуктарына кам көрүү, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүүнө ыкчап көчүрүү, автобустарга чыгып, түшүүдөгү коопсузуктар боюнча атайын план иштеп чыгып, планды аткаруу үчүн Кыргызстан жана САПТтын ажылык министрлигинин алдындагы  №25 мактабтан атайын өкүлдөр шайланышты.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Мина, Арафат өрөөндөрүндө Кыргызстандык ажылар үчүн медпункт жайларын уюштуруу боюнча пикир алышып, бул жаатта САПтын ажылык министрлиги тарабынан жакшы даярдыктар көрүлүп жаткандыгы маалым болду.

«Быйыл САПтын ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №25 мактаб кызматкерлери күндүн ысык болуп жаткандыгына байланыштуу Арафат аймагындагы чатырларды кеңейтип, ар бирине аба муздаткычтарды коюп жатышкандыгын айтышты. Бул боюнча ажылыкты уюштуруу шатбы жеринде көрүп келмекчибиз»,-деди жеринде Равшан ажы Эратов.

Ошондой эле Кыргызстандык ажылардын Жамаратка барып шайтанга таш ыргытуусу боюнча графиктер түзүлүп, быйылкы жылы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда.