Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Муфтияттын окуу бөлүм башчысы Уфадагы "XXI кылымдагы диний билим берүүнүн үлгүлөрү жана Ислам баалуулуктары" аттуу илимий конференцияга катышууда

Muftiyat.kg/ 20-октябрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов 18-20-октябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өтүп жаткан  "XXI кылымдагы диний билим беруунун үлгүлөрү жана Ислам баалуулуктары" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышууда. Конференцияга Кыргызстан, Өзбекистан, Туркменистан, Таджикистан, Египет, Иордания, Марокко, Тунис жана Түркиядан дин аалымдары, маданият изилдөөлөр, философ, социолог, политологдор жана тарыхчылар чакырылган. Ал эми Кыргызстандан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс ажы Ибарев, КУУнун ректору жана башкалар катышууда.

Илимий конференция Ислам тарыхын жана маданиятын ар тараптуу изилдөө боюнча билимдүү адистерди даярдоо федералдык долбоорун ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Форум алкагында  Ислам тарыхы жана маданияты, руханий баалуулуктарды жандандыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана экстремизмдин алдын алуу сыяктуу  актуалдуу маселелер каралууда. Ал эми конференциянын акырында  резолюция кабыл алынып, материалдардын жыйынтыктары таратылып берилмекчи.