Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Нарын казыяты улуу муундагылар менен жаштар арасында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрдү

Muftiyat.kg/ 17-апрель/ Нарын казыяты Нарын медресесинин демөөрчүлөрү арасында футбол боюнча мелдеш уюштуруп, анда 14 курама команда өз күчтөрүн сынашты. Таң эрте башталган оюн күүгүмгө чейин уланып, жаштар менен улуу муундагы агалар спорттук турнирдин башкы кубогү үчүн ат салышты.

Мелдештин соңунда баш байгени Нарын казыятынын мугалимдери, 2-орунду «Адеп Башаты» фондунун курама командасы жеңип алса, 3-орунду "Бурак" командасы багындырды.

«Жаштар арасындагы таймашта 10 команда ат салышып, 1-орунду "Алга" тайпасы багындырып, өтмө кубоктун ээси болушту. 2-орун "Биримдик" тайпасына жана 3-орун "Ынтымак" командасына буюруптур. Жеңүүчүлөргө кубоктон тышкары дипломдор жана китептер белек кылынды. 62 жаштан 20 жашка чейинки инсандар катышкан бул мелдеш ары ден-соолукту, ары ынтымакты бекемдеп, Нарындын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз»,-дейт Нарын казыятынын маалымат ызматынан.