(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жаштарды билимдүү болууга үндөп, бош убакытты текке кетирбөөгө чакырышууда

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери жаштарга адептүүлүктү жана ыймандуулукту үйрөтүп, аларды билимдүү болууга үндөөдө. Ош шаарынын Чыгыш хатибиятынын баш имамы Мурзакул кары Осмонов кечээ, 11-октябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Ж.Мамытов атындагы мектепте 9-10-11 класстын окуучулары менен жолугушуп, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо жана биримдик туурасында баяндамасын жазап, мектеп тарбиялануучуларын мугалимдерди урматтап, татыктуу билим алууга чакырды. Ошондой эле бош убакытты текке кетирбестен пайдалуу маалыматтарды изденип, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө, кыргыз элинин бакубат жашоосуна салым кошууга үндөдү.