Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Ош шаарында «Умму Аиша» атындагы кыздардын окуу борбору ачылды

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Ош шаарынын Амир Тимур кичи шаарчасында «Умму Аиша» атындагы кыздардын диний окуу борбору ачылды. Борбордун ачылыш салтанатына  Ош шаарынын мэрии А. Кадырбаев, ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн  башчысы И. Мурзабеков, Сауд Арабия мамлекетинен доктор Абдуллатиф Балту, доктор Саид, шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, облус казысы Самидин кары Атабаев жана жеригликтүү тургундар катышты. 

Саамалык алкагында шаар мэри кыздар үчүн диний окуу жайдын ачылышы учурдун талабы экендигин айтса, доктор Абдуллатиф Балту өсүп келе жаткан жаштарга Ислам дининин баалуулуктарын туура жеткирүү керек экендигин билдирди. Андан соң жалпы катышуучулар окуу борбордун шарттары менен таанышып чыгышып, анын заманбап курулгандыгын айтышты.