Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Ош шаарындагы имамдар 3 күндүк окуу семинарында катышып, өз билимдерин жогорулатышты

Muftiyat.kg/ 12-январь/ 2018-жылдын 10-12-январь күндөрү Ош шаарында жайгашкан «Ванил» кафесинин конференц залында «Хутба чеберчилиги жана ийгиликтүү имамдын сыпаттары» аттуу семинар өтүп, ага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казынын орун  басары Анасхан ажы Ташхужаев, доктор Мухаммад Руфайи, КМДБнын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Аким ажы Эргешов, казыяттын аппарат жетекчиси Жанарбек ажы Матиев, Чыгыш-Батыш башкы хатибиятынын башчылары, казыят кызматкерлери, мечиттин имамдары, мечит кызматкерлери, медресе окуучулары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө доктор Мухаммад Руфайи 3 күн аралыгында негизинен имамдын жоопкерчилиги, адептүүлүгү, хутба кылуунун чеберчилиги жана Исламдагы адептүүлүк жөнүндө кеңири лекцияларды окуду. Ошондой эле семинардын акыркы күнүндө  мечиттин имамдарына жана казыят кызматкерлерине сертификаттар тапшырылып, Ош шаардык казыятынын казысынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев уюштуруучуларга, катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, семинарга катышкан имамдарга жүрүм-турум адебин бир гана сүннөт менен эле эмес, ыйман амалдары менен да бекем  болууга чакырды.