Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

ОшМУнун теология факультетинин кызматкерлери Баткен казыятынын ыраазычылык каты менен сыйланды

Muftiyat.kg/ 12-январь/ Ош мамлекеттик Университетинин теология факультетинин деканын орун басары доцент, доктор Ферхат Гөкче, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов, Тимур Козукулов, Халил Ибрахим Өзтүрк, Шейх Ахмет Хилал Баткен облустук мусулмандар казыятынын ыраазычылык каты менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Баткен казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошовдун  катышуусунда өттү.

Ыраазычылык кат элибизге Ислам динин жайылтууда жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга көрсөткөн кызматы, ошондой эле имамдарды   кошумча диний китептер менен камсыз кылуу жана башка иш аракеттерди  тыгыз  кызматаштыкта алып баргандыгы үчүн ыйгарылды.