Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Өзгөндө мечит имамдарына айлык отчетторду саппаттуу жазуу талабы коюлду

Muftiyat.kg/ 11-август/ Ош облусунун Өзгөн райондук хатибиятында мечиттердин имамдарынын айлык отчетторунун жаңы формасы талкууланды. Аталган жыйынга Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов, хатибият кызматкерлери жана  райондун аймактарынан келген мечит имамдары катышты. Жыйында Абдыжапар ажы Жакыпов отчет берүүнүн толукталган жаңы тартиби менен тааныштырып, өзгөртүлгөн өзгөчөлүктөргө токтолуду. Анын айтымында отчет 5 багыттагы тапшырмадан туруп, имамдардын мүмкүнчүлүгүнө жараша жөнөкөйлөштүрүлгөн жана отчет электрондук же колго жазуу түрүндө тапшырылса болот.  Мындан сырткары отчеттун негизги маңызында КР Коргоо Кенешинин чечимдерине байланышкан маселелер, Имам Аль Матуриди акыйдасы, Ханафий мазхабын бекемдөө жана экстремизм, радикализмдин алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, калк менен жүргүзүлгөн иштер, мечиттерди заманбап шарты менен куруу жана каттоо, үгүт-насаат иштерин алып баруу, мечитке келген жамаатты окутуу, өткөрүлгөн хутбалар, финансылык жана кайрымдуулук багытында аткарылган иш аракеттерден туруп, коомчулук жана жергиликтүү бийлик органдары менен алып барылган иштер камтылат. Ошондой эле Абдыжапар ажы имамдарга отчетту түшүнүктүү тилде сапаттуу жазып, аткаруу мөөнөтүн так белгилеп реалдуу аткарылган иштерге басым жасоого милдеттендирди. Жыйын соңунда имамдар тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жоопторду берилип, бир катар тапшырмалар милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, мындай түшүндүрүү жыйындары башка райондордо да улантылмакчы.