Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги Кыргызстандын 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштерине «жакшы» деген баасын берди

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министринин орун басары доктор Абдульфаттах Мушат менен жолугушуп, 2017-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу, жетишкендиктер жана өзгөчөлүктөр туурасында пикир алышып, жатакана, автобус кызматтары, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү тейлөө сервистери мыкты деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешип, ажылыкты уюштуруу иштерине  эки тараптуу «жакшы» деген баа берилди. Муну менен катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында ажылык иштери жылдагыдай эле электрондук түрдө жүргүзүлөөрү, келишимде көрсөтүлгөн бардык иштер 2018-жылдын 14-майына чейин ишке ашырылышы керек экендиги белгилүү болду.

Эки тараптуу жолугушууда  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич 2018-жылдын 5-январында Өкмөт жана Дин Башкармалыктын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда ажылык иштерин уюштурууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен тыгыз иш алып баруу жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирди.  Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылдан тарта ажылык иштери электрондук түрдө уюштурулуп, Кыргызстандык ажыларды тейлөө кызматы алда канча жакшыргандыгын баса белгилеп, Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкты уюштурууну жылдан жылга жакшыртып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушууга Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлигинин өкүлдөрү, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев, КМДБнын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Азиз ажы Скаков жана КМДБнын өкүлү Хамидулла ажы Садиллаев катышты. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-январында Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык Министрлигинин чакыруусу менен   Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация 2018-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюу үчүн Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетишкен.