(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Сузак айыл округунун имамдары селден жабыр тарткандарга жана жетим балдарга жардам беришти

Muftiyat.kg/ 17-февраль/ Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен Сузак айыл окуругуна караштуу бардык мечиттердин имамдары кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Топтолгон материалдык жардам Кыз-Көл айыл округуна  караштуу Сары-Булак айылында селден жабыркаган 4 үй-бүлөгө 10 көрпө, 10 жаздык, 15 жер төшөк жана кышкы жылуу кийим-кечелерден жардам беришти. Мындан сырткары жакыр үй-бүлөлөргө, атасы же энесинен айрылгандарга 54 даана баш кийим, моюн орогуч таратылган.

«Кайрымдуулук иштерин Сузак айыл окуругуна караштуу бардык мечиттердин имамдары уюштурушту. Жетим балдар үчүн 54 даана баш кийим, моюн орогуч таратылса алардын 14тү эркек балдар үчүн, 40 даанасы кыздар үчүн, 7 даана кол кап таратып берип, аз болсо да маанайын көтөрүүгө аракет жасадык»,-деди Жунус ажы Исмаилов.

Кайрымдуулук акциясына “Кара-Чолок” айылынын тургуну үй-бүлөсү менен активдүү катышып, жакындан колдоо көрсөткөн.