Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:45
Күн чыгышы
08:24
Бешим
13:13
Аср
16:22
Шам
18:05
Куптан
19:43

Талас облусунун казысы Боо-Терек айылынын имамын мыкты иш алып баргандыгы үчүн сыйлап, казыяттын алкыш баракчасын тапшырды

Muftiyat.kg/ 6-декабрь/ Талас облусунун  мусулмандар казыяты Бакай-Ата районунун имам хатибтеринен жыл ичинде аткарылган иштери боюнчан отчетторун кабыл алды. Алгач Бакай-ата районунун баш имам хатиби Абдумажид Сагынбаев  “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында аткарылган иш арекеттери тууралуу жалпы маалымат берип, аймактагы диний кырдаал жана имамдардын иштери боюнча кабардар кылды. Ал эми жыйындын жүрүшүндө  ар бир имам хатиб өзүнө таандык айыл аймагында диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү жана мечиттин буюм-тайымдары, кириш-чыгыш иш кагаздары, аткарылган иш чаралары тууралуу отчетторун тапшырышты.

Отчеттук жыйында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев район аймагындагы диний кырдаал туруктуу экендигие токтолуп, жалпы Бакай-Ата районунун имам хатибтерине ыраазычылыгын билдирип, район аймагында мыкты ишмердүүлүгү менен айрымаланган Боо-Терек айылынын имам хатиби Жайлообек Джумакеевге ыраазычылык билдирип, ыракматын айтты.