(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Таласта диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш чаралар уюштурулууда

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Таласта диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол оюну уюштурулууда. Бул жолку мелдеште "Али ибн Аби Толиб", "Бакай-Ата" жана "Үкү-Ата" медреселери ат салышып, оюн талаасында беттешишти. Ар бир тарап өздөрүнүн ар намыстарын сактоо үчүн көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулап беришип, беттеш жогорку деңгээлде өттү. Ал эми облустук казыяттын айтымында мындай спорттук иш чаралар дин кызматкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында мындан ары дайыма өткөрүлүп турмакчы.